• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дагы бир жер өтмөгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Бишкекте оңдоодон кийин Шабдан Баатыр көчөсүндөгү жер өтмөгү ачылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул объектти оңдоо иштери августтан сентябрга чейин жүрдү. Жер өтмөгүндө плиталары алмаштырылып, дубалдары, шыптары оңдолду. Электр түйүнү толугу менен алмаштырылды. Темир тосмолор орнотулуп, брусчатка төшөлдү.

Жакын арада аялдама аянтчаларын асфальттоо жүргүзүлүп, таштанды челектер орнотулмакчы.

Шабдан Баатыр көчөсүндөгү жер өтмөгүнүн жалпы аянт 740 чарчы метр.

Пикир

Оставить комментарий