• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, борбор калаада эпидемиялык абал курч бойдон калууда, акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 224тү түздү.

"29-апрелде дагы эки мектеп №6 жана №33 аралыктан окутууга өткөрүлдү. Жалпысынан 16 мектеп онлайн режиминде иштейт, анын ичинде: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 (орто мектептин имараты)", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мындан тышкары, 1 862 окуучунун ата-энеси үйдөн чыкпай окутуу үчүн онлайн арыз жазышты.

"Онлайн режимине толук өтүү оорулуу бала же мугалим менен болгон байланыштын санына байланыштуу болот, акыркы чечимди мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун эпидемиологдору кабыл алышат", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий