• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дагы кыз ала качуу болуп, шектүүлөр Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 4-июнда 3-линия көчөсүндө белгисиз жарандар кызды ак түстөгү «Тойота» маркасындагы унаага отургузуп, качып кетишкен.

Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, кыз 1999-жылы туулган К.А. болгон.

Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук КЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Кармоо» планы жарыяланып, Бишкек шаардык жана Чүй облустук бардык милиция кызматтарына аталган факт боюнча маалымат берилип, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ошентип, изи сууй электе саат 14:30дар чамасында Чүй облустук милициясы ЖКККБ менен бирге Бишкек – Торугарт айланма жолунун 33-37-чакырымынын аралыгынан ак түстөгү “Тойота Краун” маркасындагы унаа кармашкан, ичинде уурдалган делген кыз 1999-жылы туулган К.А. бар болгон.

Ошондой эле, унаада 5 бала – 1997-жылы туулган кызды ала качкан бала Н.Н., анын достору 1996-жылы туулган М.А. жана Б.Ж., 1997-жылы туулган А.Ч. жана А.А.лар болгон, баары Ысык-Көл облусунун тургундары.

Аталган фактынын бардык катышуучулары Чүй облустук милициясына жеткирилип, кийин бардык жагдайларды тактоо үчүн Ленин райондук ИИБге өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаштар суйлөшүп жүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий