• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Тохтохан Нуридинова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Нуридинова Тохтохан Зиевидиновна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз 24-январда Кайыңдыда Луговая көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аталган факты Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, чап жаак, чачы узун кызгылт, кой көз.

Кийими: үйдө кийген халат, боз жемпир, боз кара түстөгү куртка.

“Эгер Тохтохан Нуридинованы көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу билдирип коңуздарды өтүнөбүз: 0312 60-79-89, (күзөт бөлүмү) 0709-33-35-01, 0702-31-75-22, 0557-08-03-87 (издөө тобу)”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий