• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы бала табылды

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 2000-жылы туулган Каныбек уулу Байсалбек табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан мурда Сокулук районунда Каныбек уулу Байсалбек 2021-жылдын 11-апрелинде Сокулук районунун Студенческое айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Байсалбек Дордой базары районундагы досунун үйүнөн табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал ата-энеси менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбай, досунун үйүндө жүргөн.

Учурда кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Каныбек уулу Байсалбек туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий