• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бишкекте мурда дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Биринчи май районунун Н.Исанов көчөсүндө Чоң Чүй каналынын боюнда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен 1986-жылды туулган С.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жогору аталган жарандын жансыз денесинин өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий