• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда жоголуп, акыркы жолу Бишкекте мейманканага токтолгон 13 жаштагы кыз изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Каныкей Жакшыбаева изделүүдө.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 29-июлда И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 25-июлда саат 17:00дөр чамасында 13 жаштагы тууганы Каныкей Жакшыбаева Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Каныкей Жакшыбаева 26-июлда Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү мейманкананын эки күндүн жашоосун төлөп, 27-июлда саат 14:30да ал жерден чыккан бойдон белгисиз болуп жаткандыгы аныкталды.

Белгилери: бою 150-155 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара, кашы калың.

Кийими: ак футболка, күрөң жинсы, ак түстөгү бут кийим, күндөн коргоочу көз айнек.

Каныкей Жакшыбаеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 номерлерине жана “102” кызматына кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий