• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Аида Мамаева изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.18 /Кабар/. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында 14 жаштагы дайынсыз жоголгон Аида Мамаева изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 17-сентябрда үйүнөн мектепке чыгып кетип, кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, көздөрү көк, чачтары кара, узун. Ак кофта жана көйнөк, кара юбка, бутуна ак кроссовки кийип, күрөң түстөгү сумка асынып жүргөн.

Аида Мамаеванын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдар болсо, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (0553)102-566, (0772) 052-000, 0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05 телефондору аркылуу байланышка чыкса болот.

Пикир

Оставить комментарий