• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дайынсыз жоголгон 21 жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 1999-жылкы Таласбек кызы Гүлбуракты издөөдө. Ал 2020-жылдын 7-мартында болжол менен саат 14.00дө Бишкек шаарынын Осмонкулов көчөсүндө жайгашкан имараттагы ишинен чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Учурда анын кайда жүргөндүгү белгисиз.

Белгилери: бою 158-160 см, арык дене түзүлүштөгү, чачы кыска, күрөң.

Кийимдери: кышкы сары күрмө, кара шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Таласбек кызы Гүлбурактын кайда экендигин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0553 102387, 0703 222622, 0702 498888,0772 847336 же 102 кызматына.

Пикир

Оставить комментарий