• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Медер Мамбетов изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Медер Мамбетов изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майда милицияга арыз менен К.Д. аттуу жаран 38 жаштагы Медер Мамбетовду табууга көмөктөшүүгө жардам сурап кайрылган.

Мамбетов 12-майда саат 15:00дөр чамасында Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, Ош шаарына сапар алганы жаткан. Ал күндөн бери Мамбетов дайынсыз жоголгон.

Белгилери: бою 180-183, арык, көзү жана чачы кара, бети сүйрү. Оң колунун ортоңку манжасы толук жазылбайт.

Ал күрөң түстөгү спорттук костюм, көк кепка кийип жүргөн.

“Медер Мамбетовдун жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(312) 352-947, 0 (707) 557-887, 0(701) 644-403 жана “102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий