• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 74 жаштагы Кубат Айдаров изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 74 жаштагы Кубат Айдаров изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январда "102" кызматына карыя үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция айтылган дарекке барганда А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 5-январда саат 17:30дар чамасында 74 жаштагы Кубат Айдаров Панфилов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегендиги айтылган. Ал психикалык жактан жабыркап келген.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий