• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дайынсыз жоголгон карыя табылды

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон Акпаралы Акматалиев табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына А.А. аттуу жаран 70 жаштагы атасы Акпаралы Акматалиевди издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Акматалиев 30-октябрда болжол менен саат 10:35те Чүй менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 5-ноябрда саат 17:00дөр чамасында дайынсыз жоголгон карыя аман-эсен табылган.

Карыя милиция кызматкерлерине адашып, үйүн таба албай калганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий