• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дайынсыз жоголгон кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди

Коом 0


Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүм кызды табышты. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда шаардын тургуну Ж.Б. арызы менен кайрылып, 14-ноябрь күнү саат 14:30дар чамасында Сүйүнбаев-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган карындашы А.Ж.ны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Бишкек шаардык Свердлов райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, дайынсыз жоголгон өспүрүм кызды издөө иштери башталган.

Ошентип, 18-ноябрда Свердлов райондук ИИБдин жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлору тарабынан мурда жоголгон А.Ж. Ленин районунун аймагынан аман-эсен табылып, ата-энеси менен түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий