• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды – милиция

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголду делген Саера Атабаева табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыз аман-эсен. "Өспүрүм кыз кантип жоголуп жана кайсыл жерде табылгандыгы тууралуу маалымат айтылбайт. Анткени анын жашы жете элек", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, күн мурун Ленин райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 2006-жылкы Атабаева Саера Рустамовнаны издеп жаткандыгы боюнча маалымат тараткан.

Пикир

Оставить комментарий