• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дарак унааны басып калды. Видео

Кырсык 0


Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Бишкектеги Турусбеков-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, жанында токтоп турган унааны басып калган.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан “Кабар” агенттигине кабарлашкандай, бактын тамыры чирип калгандыгы аныкталган. "Бактын тамыры чирип кеткен. Эмне үчүн бак кулагандыгын агроном кызматкери аныктайт. Бак курулуш аймакта орун алгандыктан иштер жүрүп жатканда анын тамыры жабыркагандыр. Андан улам чирип, өз салмагын көтөрө албай кулап түшкөн. Так маалымат кылдат текшерүүдөн кийин айтылат", - деп билдиришти ишканадан.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий