• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте даректүү тасма боюнча режиссердук курстар өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бишкекте апрель айында “Азиянын чыгармачыл аялдары” фондунун атынан даректүү тасма боюнча режиссердук курстар башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, курс 3 айга созулат. Каалоочулар даректүү тасмадагы режиссуранын негиздерин, даректүү тасмада оператордук чеберчилик, кинодраматургия, монтаж боюнча окуудан өтүшөт.

“Биз даректүү тасманы кеңири аудиторияга кантип жеткиликтүү кылууну үйрөтөбүз. Курстун ар бир катышуучусу тема тандап, үйрөнүп, тасма тартат”,-деп билдирди фонддон.

Эскерте кетсек, өткөн жылы “Азиянын чыгармачыл айымдары” фонду Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргызстандын аял-режиссерлерунун I Кинофорумун уюштурган. Форум Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган.

Пикир

Оставить комментарий