• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте дарыланып жаткан лейлектиктерге мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилүүдө — өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бишкекте дарыланып жаткан лейлектиктерге мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу менен Тажикстандын чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда Лейлек районунун 10 жараны тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1-май күнү бошотулган.

Алардын бешөө Бишкек шаарына дарыланууга кеткен. Бул беш жаранга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин резервдик фондунан 8 миң сомдон акчалай жардам бөлүнгөн. Бул жарандар Бишкек шаарында дарыланып жаткандыктан, каражат үч жарандын жакындарына берилген. Ал эми экөөнө бүгүн банк аркылуу которулууда.

Мындан сырткары, бул жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жана коомдук уюмдар тарабынан акчалай жардамдар берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин, социалдык-гуманитардык долбоорлор боюнча иш алып барган ADRA агенттигинин кызматкери Бишкек шаарында дарыланып жаткан Лейлек районунун 5 тургунуна мамлекет тарабынан колдоолор болбой жаткандыгын социалдык тармак аркылуу билдирген.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий