• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дээрлик 1,3 миң абоненттин жарыгы акы төлөнбөгөндүгү үчүн өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 23-январда, “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 1 287 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр жарыгын өчүрдү. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган абоненттер эсеп-дүмүрчөк боюнча төлөмдү 8-январга чейин жүргүзүшү керек болчу.

Маалыматка ылайык, өчүрүлгөн абоненттердин карыздарынын жалпы суммасы 9 млн сомго жакын каржыны түзөт. Өчүрүлгөн абоненттердин ичинен 398 ошол эле замат карыздарын төгүштү. Аталган керектөөчүлөр электр камсыздоого аралыктан кошулушту.

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

Пикир

Оставить комментарий