• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дээрлик 200 миң сомдук баңгизатты сатууга жана сатып алууга шектелгендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бишкекте дээрлик 200 миң сомдук баңгизатты сатып алууга жана сатууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясы Жазык кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 4-сентябрда Аламүдүн райондук милициясы менен биргеликте Бишкекте баңгизаттарды сатып алуу учурунда 23 жаштагы С.А. аттуу жаранды кармашкан.

Анын шымынын оң чөнтөгүндө 18 даана кызыл түстөгү атайын “термо” каптары алынган. Алардын ичинде жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар табылган.

Андан аркы ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө С.А. өз ыктыяры менен Бишкектин аймагында баңгизаттарды атайын калтырылган жерлерди көрсөтүп, 21 даана кызыл-сары түстөгү атайын “термо” каптары табылып алынган.

Кармалган жарандан жалпысынан 40 даана баңги жана психотроптук заттар алынган. Жалпы 320 дозага жеткендиктен (бир граммынын баасы 3100 сом) жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары, атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринде аталган кылмышка катыштыгы бар 22 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал баңгизаттарды таратып саткандыгын мойнуна алып, катылган баңгизаттарды көрсөтүп берген. Анда 20 даана “термо” каптары алынган.

ИИМдин Криминалистик борборунун адистеринин корутундусуна ылайык, алынган заттар Альфа-PVP (a-PVP) психотроптук заттын аралашмасы экендиги аныкталган. Баңгизаттардын, таңгак менен жалпы салмагы 20 граммды түзүп, 240тан ашык дозасы 70 миң сомду түздү.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) катталган.

С.А. жана Э.А. аттуу жарандарга карата тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы танталды.

Учурда кылмышка катыштыгы бар жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча атайын тергөө аракеттери жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий