• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дефектологдун ДЦП менен ооруган баланы ур-токмокко алганы видеого түшүп калган

Коом 0


Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги “Аутизм Победим KG” борборунда балага катара зомбулук болгонунун жазып чыкты.

Молдокматова баланын апасынын билдирүүсүн жарыялаган. Анда бала ДЦП (балдар церебралдык параличи) менен ооругандыгы айтылат.

“Саламатсызбы Ассоль, менде жаман жаңылык бар. Атым Назгүл, балам 6 жашта жана ДЦП менен ооруйт. Беш жашында баса баштады. Жакында баламды дефектологго алып бара баштадым. Балам сүйлөй албайт. Дефектолог баламды катуу сабаган экен. Жардам берүңүүздү суранам. Менде анын видеосу бар”, - деп жазган баланын апасы.

Пикир

Оставить комментарий