• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте декабрда 8 миңге жакын ККМ орнотулду

Экономика 0

Бишкек, 25.01.22./Кабар/. Бишкекте өткөн жылдын декабрь айына карата 7 миң 400 ККМ (көзөмөл-кассалык машина) орнотулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Суйналиев билдирди.

Анын айтымында, кассалык аппараттар учурда штаттык режимде иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 2 млрд сомго көбүрөөк каражат чогултулду.

"2020-жылдын 24-июнунда өкмөттүн токтому чыккан. Токтомдо ККМге өтүү мөөнөтү бекитилген. Ага ылайык, Бишкекте ишкерлер кассалык аппараттарга 1-апрелге чейин, аймактарда 1-октябрга чейин өтүшү керек эле. Бирок биз Экономика жана коммерция министрлиги менен бирге мөөнөтү карап жатабыз. Кошумчалай кетсек, ККМге өтпөгөндөргө 20 миң сомдон ашык айып каралган. Азырынча айып салына элек, бир гана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - дейт.

Суйналиев өлкө аймагында 34 миң 552 ККМ колдонулуп жатканын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий