• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дем алыш күнү эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Бишкекте 23-октябрда M Bulak Kuz Demi эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күнгө чейин чоңдор арасында 3000ге жакын жана жаштар арасында 300 жөө күлүктөр катталды.

“Бишкек кайрымдуулук марафону быйылкы жылдын эң ири жана эң күтүлгөн спорттук иш-чарасы болуп саналат. Анткени мында 42,2 чакырым – марафондук аралык толук камтыган жалгыз жарыш. Бул аралыктан тышкары, катышуучулар жарым марафонду – 21,1 чакырым, ошондой эле 10 чакырым жана 5 чакырым аралыктарды чуркай алышат. Ал эми балдар 300 метр, 500 метр жана 1000 метрге чуркашат”, - деп айтылат маалыматта.

Жарыштын маршруту Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунун тилкесинде өтөт. Баштапкы жана аяктоочу жери Аска-Таш мемориалдык комплексинде.

Эскертке кетсек, жарыш 2016-жылдан бери жүрүп келет. Бул убакыттын ичинде ал бардык аймактардан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген күлүктөрдүн сүйүктүү жарышына айланды. Жалпысынан иш-чарага 20 миңден ашуун адам катышкан.

Эл аралык марафондун максаты – калк арасында активдүү жашоо образын жайылтуу.

Пикир

Оставить комментарий