• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте дем алыш күндөрү көркөм гимнастика боюнча биринчилик өтөт

Спорт 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Борбор калаада дем алыш күндөрү жаш балдар арасында көркөм гимнастика боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 26-27-октябрь күнү саат 10:00дө "Фэмили Спорт" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 9-15 жаш арасындагы балдар катышат.

"Жаштар жана өспүрүмдөр арасында спорт тармагын өнүктүрүүнү колго алдык. Балдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, дени сак жашоону тандоо үчүн ушул сымал иш-чараларды өткөрүшүбүз керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий