• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дем алыш күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке 2021-жылдын 13-14-мартында өтмөкчү.

Жарманкелер өтчү даректер:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н.Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Алдыдагы жарманкедеги продукциялардын баалары:

  • Уй эти - 390-405 сом
  • Жылкы эти - 380-390 сом
  • Кой эти - 400-405 сом
  • Тоок эти - 200-210 сом
  • “Царь” суу майы - 130-132 сом
  • “Лучазерное” суу майы - 130-132 сом
  • “Ласка” суу майы - 130 сом
  • Фирма жумурткасы - 75-85 сом
  • Үй жумурткасы - 90-95 сом
  • Кайыңды шекери - 56 сом, 5 кг 280 сом
  • Алма - 30-60 сом
  • Сабиз - 10-15 сом
  • Картөшкө - 22-27 сом
  • Пияз - 14-16 сом
  • Ун - 27-38 сом.

Пикир

Оставить комментарий