• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дем берүүчү гранттарга арыздарды тандоо өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Бишкекте Биринчи май районунун жергиликтүү жамааттарынан дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен үй чарбаларын көрктөндүрүү жана жакшыртууну каржылоо үчүн долбоордук табыштамаларды конкурстук тандоо болуп өттү.

Райондун тургундарынын жергиликтүү жамааттарынан 13 долбоордук өтүнмө каралып, анын ичинен 3 арыз жалпы 2 млн 270 миң сомго жактырылган:

- Токтоналиев көчөсү, 6-Б дарегиндеги үйдүн чатырын оңдоого;
- Калыс-Ордо конушундагы №87 квартал дарегине парк куруу;
- Калыс-Ордо конушундагы футбол аянтчасы үчүн кийим алмаштыруучу жай жана жууну жайын куруу.

Муниципалдык администрация жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарын көзөмөлдөйт.

Кийинки сынактык тандоо тууралуу маалымат алдын ала маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий