• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" КР мыйзамынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозачеванын төрагалыгы астында өттү.

КР Эмгек кодексин аткаруу үчүн Социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы жыл сайын коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жумуш орундарын квоталоонун долбоорун иштеп чыгат жана администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына бекитүүгө жиберет.

Башкармалык белгилегендей, 2022-жылга Бишкек шаары боюнча 70 ишканада ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 345 жумуш ордуна квота бекитилген.

Анын ичинде райондор боюнча:

Биринчи май району боюнча - 119 орун;
Ленин району боюнча-115 орун;
Октябрь району боюнча -36 орун;
Свердлов району боюнча -75 орун.

2022-жылдын 1-июлуна карата Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 33 адам квота боюнча жумушка орношкон.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык ишке орноштурууга көмөктөшүү башкармалыгына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 131 адам кайрылган, алардын ичинен кесиптик окутууга – 41 адам, акы төлөнүүчү коомдук иштерге - 7 адам жиберилген.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча борбордун акимиаттарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча ишти күчөтүү жана 2023-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча ишканалар жана уюмдар менен ишти уюштуруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий