• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Ден соолук" спартакиадасы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 18-февралдан 5-мартка чейин "Ден соолук" спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, спартакиада жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын кызматкерлеринин арасында "Тамекисиз спорт" урааны алдында өткөрүлөт.

Спартакиаданын алкагында анын катышуучулары кичи футбол, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол, норматив, шахмат, ордо (18-майдан 22-майга чейин) боюнча жарышат.

Катышуучулар 2 тайпага бөлүнөт:

- I тайпа – 22-40 жаш;

- II тайпа – 40 жаштан жогору (стритбол 45 жаштан жогору).

Спартакиада Жаштар иштери боюнча агенттиктин алдындагы Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн аталган дирекциянын бюджетинен 163 миң сом бөлүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий