• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дезинфекциялоо иштери жүрүп, бир катар көчөлөр жабылды

COVID - 19 0


Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу болууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, дезинфекциялоо иштери аяктагандан кийин көчөлөр ачылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Мадина, Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий