• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча мугалимдер үчүн семинар өттү

Билим 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Бишкекте диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча мугалимдер үчүн семинар өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар мэриянын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Иш-чарага Бишкектеги мектептердин 65 мугалими катышты.

Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылы борбор шаардын бардык мектептеринин 9-класстарынын окуучулары үчүн жаңы «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети киргизилип, бардык мектептерде (окуу тилине карабастан) бирдей окутуу жүргүзүлөт.

"Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети базистик окуу пландын социалдык билим берүү чөйрөсүнүн предметтеринин бири болуп эсептелет.

Предметтик стандарт боюнча жумасына 1 саат, бир жылда 34 саат берилген. Баалоо системасы каралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий