• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды - БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал жаран бир талапкердин пайдасына добуш алуу үчүн карыларга азык-түлүк тараткан факты бар экенин белгиледи.

“Бул факт ырасталды. Ошондой эле коомдук уюмдун өкүлүнөн шайлоо күнү алардын ишине тоскоолдук көрсөтүү тууралуу билдирүү түшкөн. Текшерүүлөр жүрүүдө. Бирок билдирүүлөрдүн көп бөлүгү ырасталган жок. Ошондой эле ЖМКларда техниканын бузулушу тууралуу маалыматтар көп чыкты. Анткен менен мындай фактылар жок, көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары кезектерди көрүп, АЭУлардын иштен чыгышы тууралуу жазышкан. Майда-чүйдө бузулуулар ар, бирок алар бир нече мүнөттө четтетилүүдө”, - деди ал.

Шайлдабекова Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы шайлоочу аял тилкеден бюллетенди тышка алып чыккан факты тууралуу айтып берди.

“Укук коргоо органдары бул укук бузуунун мотивин аныкташууда. Андан соң аны административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими чыгарылат. Ошондой эле белгисиз адамдар паспорттордун копияларын топтоп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул маалымат Бишкек шаардык Ленин РИИБ тарабынан текшерилип, ырасталган жок. Биз биринчи кезекте тактыгын аныктоого аракет кылып жатабыз. Себеби кимдир бирөө массалык бузуулар тууралуу билдирип кырдаалды курчутууга ниеттенип жаткандай сезилүүдө. Жалпысынан шайлоо тынч өтүүдө, кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий