• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Дунган сулуусу” сынагы өтөт

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 12-июлда “Дунган сулуусу” сулуулар сынагы өтөт. Ага 17 кыздын катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак “Кыргызстан дунган ассоциациясы” коомдук бирикмеси жана Дүйнөлүк сулуулар конгрессинин демилгеси менен өтөт. Иш чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулууда.

“Сынактын бардык катышуучулары белектерге ээ болушат. Ал эми жеңүүчүгө 10 күнгө Түркияга эки кишиге жолдомо тапшырылат”,-деп билдирди уюштуруучулар.

“Дунган сулуусу” сынагы - дунган диаспорасындагы мыктылардын башын бириктирүү максатында үч жылда бир жолу өтүп келет. Катышуучуларга бир эле сулуулугун көрсөтүү эмес, таланттарын, интеллектуалдык жөндөмдөрүн, дунган элинин салтын, тарыхын жана маданиятын билүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий