• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте “Дыйкан” базары 24-майдан тарта жабылат

Коом 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Бишкектеги “Дыйкан” жер-жемиш базары 24-майда жабылат. Базар “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында 2008-жылы ачылган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматында, базардын администрациясы жана сатуучулары кабардар. Базардын жабылышынын бир нече себеби бар: темир жолго жана нефти базага жакын болушу, санитардык нормалардын дал келбестиги, өрт учурунда адамдардын коопсуздук чараларынын жоктугу жана базардын туура эмес аймакта жайгашкандыгы.

Базардын сатуучулары “Дордой-Дыйкан” жана “Сары-Өзөн-Дыйкан” айыл чарба продукциясы сатылган базарларга көчүрүлгөндүгүн мэрия билдирет.

Пикир

Оставить комментарий