• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Джаз. Бишкек. Жаз” фестивалы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 24-апрелде "Джаз. Бишкек. Жаз" XVII Бишкек эл аралык джаз фестивалынын салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучуларын маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу куттуктады.

Министрдин орун басары баса көрсөткөндөй, 17 жылдын ичинде жыйырма бир өлкөдөн келген 176 топтун кыргыз элине джазды кабыл алуу жана чечмелөө өзгөчөлүктөрүн тааныштыруусу маанилүү.

«Фестивалдын уюштуруучуларынын жана джаз музыканттарынын чыгармачылык энергиясы жана ишине чын дилден берилгендигинин аркасында өлкөбүздө кесипкөй джаз музыканттарынын мууну өсүп, жаш музыканттарды өнүктүрүү үчүн аянтча түзүлүп, эл аралык гуманитардык кызматташтык жаатында кызыктуу долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ата мекендик джаз мектебинин бедели өсүп бара жатат», - деп ырастады ал.

Ошондой эле Ч. Эсенгул уулу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Визит-Тур» долбоорунун алкагында фестивалдын уюштуруучулары тарабынан «Джаз композицияларындагы үн кооздоо боюнча дидактикалык колдонмо» чыгарылганын өзгөчө белгиледи.

Министрдин орун басары позитивдүү жана майрамдык маанай үчүн бардык музыканттарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Джаз фестивалынын уюштуруучусу “Борбор Азия – Art Management” коомдук фонду.

Фестиваль 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. XVII Бишкек джаз фестивалына катышкан өлкөлөр: Израиль, Түркия, Австрия, Швейцария, Кыргызстан, Өзбекстан, АКШ.

Пикир

Оставить комментарий