• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Бишкек шаарында улан-кыздар арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Учурда мелдешке катыша турган спортчулардын тизмеси түзүлдү.

Чемпионатка 18 өлкөдөн 332 спортчу катышмакчы. Алар: Кытай, Тайбэй, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам.

Мелдеш 1997-2002-жылы туулган улан-кыздар арасында өткөрүлөт. Жалпы 32 комплект медаль ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий