• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 6-9-апрель күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Кыргызстандын курама командасына төмөнкү спортчуларчы кирди:

1. Кубанычбек Айбек уулу, 60 кг;
2. Отар Бестаев, 60 кг;
3. Артур Те, 66 кг;
4. Байбол Саламат уулу, 66 кг;
5. Бексултан Султанов, 73 кг;
6. Владимир Золоев, 81 кг;
7. Эрлан Шеров, 90 кг;
8. Юрий Краковецкий, 100 кг жогору;
9. Бекболот Токтогонов, 100 кг жогору.
Кыз-келиндер курамасы:
1. Айсулуу Мусакунова, 48 кг;
2. Жанар Жолдошева, 48 кг;
3. Сауле Алмазова, 52 кг;
4. Адина Кочконбаева, 57 кг;
5. Ксения Бельдягина, 57 кг;
6. Ажар Исаева, 63 кг;
7. Айжан Кадырбекова, 63 кг;
8. Нагира Сарбашова, 78 кг жогору.

Белгилей кетсек, чемпионатта жалпы 14 комплект медаль ойнотулат (7 кыз-келиндер, 7 эркектер арасында).

Мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт жана бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат.

Пикир

Оставить комментарий