• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты старт алды

Спорт 0

Бишкек, 28.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда Бишкектеги “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинен билдиришти.

Чемпионаттын биринчи күнүндө кыз-келиндер арасында 48, 57 жана 70 кг салмак категорияларында, эркектер арасында 60, 73, 90 жана 100 кг жогоркулар арасында беттештер өттү.

Ошондой эле мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты Таалай Масабиров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.

Ачылыш аземдин алкагында федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаевге “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги” наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Кубанычбек Айбек уулу, Чыңгызхан Сагыналиев, Шахида Нармухамедова, Эрлан Шеров, федерациянын өкүлдөрү Урмат Маткеримов жана Улан Кутманбаев ардак грамота менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, эртең, 29-январда кыз-келиндер арасында 52, 63, 78, жана 78 кг жогоркулар арасында, эркектер арасында 66, 81 жана 100 кг жогоркулар арасында беттештер өтөт.

Пикир

Оставить комментарий