• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дзюдо эл аралык академиясынын расмий ачылышы өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 2-октябрда дзюдо эл аралык академиясынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Руслан Кыдырмышев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев, "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, машыктыруучулар, спортчулар жана башка өкүлдөр катышты.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө ардактуу коноктор кызыл лента кесип, дзюдо эл аралык академиясынын ачылышы менен куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Белгилей кетсек, академия Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулду. Аянты 3700 чарчы метрге барабар академияда 8 татами комплектиси орноштурулуп, улуттук курама команда жана дзюдо менен машыгууну каалагандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий