• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дзюдо фестивалы өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Бишкектеги “Арча-Бешик” жаңы конушунун ден-соолукту чыңдоо борборунда балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ачык дзюдо фестивалы уюштурулган.

Мелдешке 2006-2007-жылдагы жана андан кичүү жаштагы спортчулар катышты,-деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Иш-чаранын ачылышына Бишкек мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мейирхан Аманбеков жана дзюдо федерациясынын вице-президенти Рахим Рахматуллаев катышты.

Фестивалдын жыйынтыгында бардык жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий