• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дзюдо жана самбо боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Бишкекте 13-апрель күнү дзюдо жана самбо боюнча Эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло жеңүүчүсү жана КРнын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун элесине арналат.

Турнирдин ачылышы “Арча-Бешик” конушунда жайгашкан дене тарбияны чыңдоо комплексинде саат 12:00дө башталат.

Чемпионат 13-14-апрелде саат 9:00дө 2001-2007-жылкы балдар арасында өтөт.

Аталган спорттук иш-чара КРда самбо жана дзюдо спорт түрлөрүн жайылтуу жана массалык түрдө өнүгүүсү үчүн, спорттук чеберчиликтин деңгээлин жогорулатуу жана КМШ мамлекеттеринин спорттук топтору арасында достук байланышты орнотуу максатында өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КРнын самбо боюнча федерациясы жана “Рахатбеков Бекболоттун” спорттук клубу тарабынан уюштурулган.

Биринчи таймаш 13-апрелде:

2001 -2003-ж.т. салмак категориялары: 48,56,65,75,+87 кг;

2004-2005-ж.т. салмак категориялары: 35,42,50,+60 кг;

2006-2007-ж.т. салмак категориялары: 22,26,32,38,+46 кг өтөт.

Экинчи таймаш 14-апрелде:

2001-2003-ж.т. салмак категориялары: 52,60,70,81,+87 кг;

2004-2005-ж.т. салмак категориялары: 38,46,55,+60 кг;

2006-2007-ж.т. салмак категориялары: 24, 29, 35, 42, +46 кг өтөт.

Жеңүүчүлөр медаль, кубок жана башка баалуу байгелер менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий