• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте эң күлүк наристени аныкташат

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 4-ноябрда наристелердин I чемпионаты өтүп, ага жөрмөлөп жүргөн кичинекей наристелер катышышат.

Иш-чара “Бишкек Парк” соода-оюн зоок борборунда 17:00дөн 18:30га чейин өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, 36 айдан аша элек бөбөктөр катышуучу боло алышат.

“Бөбөктөр үчүн 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүү керек болот. Бул учурда ата-энелери балдарына тийбестен, тургузуп гана кое алышат. Маанилүү шарты – бөбөктөр бүт аралыкты жөрмөлөп өткөндө гана жыйынтык көрсөткүчү эсептелет”, - деп билдиришти уюштуруучулар.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер жана сыйлыктар тапшырылат. Бул иш-чарага каалоочулардын баары күбө боло алышат. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий