• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эң мыкты боз үй тандалат

Маданият 0

Бишкек, 05.09.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте IV Бүткүл дүйнөлүк дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өтөт. Анын алкагында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында “Кыргыз көчү” этнографиялык кыштагы жайгашкан.

Кыргызстандын 20 районунун өкүлдөрү “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагына катышуу үчүн боз үйлөрүн тигишти.

“Фестивалдын алкагында калыстар 20 боз үйдүн тигилишин карап чыгышты. Алардын ар бири жеңишке татыктуу экенин белгилеп кетүү керек. Жеңүүчүнү бүгүн жарыялайбыз”, - деп билдирди сынактын калысы Абылабек Асанканов.

Мындан тышкары, улуттук кийимдердин, кооздук буюмдардын көргөзмө-жармаңкеси өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий