• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эч кандай электр энергиясын үнөмдөө болгон жок-"КУЭТ"

Коом 0


Бишкек, 17-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкекте эч кандай электрэнергиясын үнөмдөөлөр болгон жок. Изоляторлорду алмаштыруу жана байланыш зымдарын тартуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармагындагы” долбоорлорду ишке ашыруу мекемесинин аткаруучу директору Акылбек Тюменбаев билдирди.

Анын айтымында, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” “Энергетика секторун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштерге ылайык, Чүй облусунда волоконно-оптикалык байланыш линияларын тартуу иштери жүрүп жатат.

“Кыргызстан боюнча 523 км волоконно-оптикалык байланыш линиялары салынат. 3-4 күндөн бери Бишкекте оптикалык линияларды оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу айрым райондордо 18-19-июлда электр энергиясы өчүрүлөт. График боюнча биз 19-июлда бүтүрүп Чүй облусуна өтөбүз”,-деди Тюменбаев.

Чүй филиалынын директору Таалайбек Ибраев билдиргендей, электр энергиясын өчүрбөй туруп бул иштерди аткаруу мүмкүн эмес. “Биз бир эле учурда электр тогун өткөрбөөчү зымдарды алмаштыруу иштерин аткарып жатабыз. Бул жылы алмаштырууга 26 миң изолятор муктаж. Жарыкты кайра-кайра өчүрүп жарандарга ыңгайсыздык жаратпаш үчүн биз эки ишти жасап жатабыз. Албетте биз электр жарыгын өчүрүп тоскоолдук жаратканыбыз үчүн тургундардан кечирим сурайбыз. Бирок кышкысын жарык өчүрүүлөр, электр энергиясын үнөмдөөлөр болбойт”,-деп билдирди Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий