• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте түрмөлөрдү натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор-Азиялык диалог өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бишкекте эффективдүү түрмө башкармалыгы, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыш үчүн соттолгон адамдардын меселелери боюнча Борбор-Азиялык диалог башталды.

Иш-чара Борбордук Азиядагы Эл аралык түрмө реформасынын Penal Reform International (PRI) өкүлчүлүгү тарабынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Бириккен улуттар уюмунун кылмыштуулук жана баңгизаты башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган.

Аталган иш-чара Улуу Британиянын өкмөтүнүн колдоосу астында ишке ашып жаткан “Радикалдаштырууга жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөгү түрмөлөрдөгү экстремизмге каршы күрөшүүнү күчөтүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Зордук-зомбулукка алып барган эркинен ажыратуу менен радикалдаштыруунун ортосундагы потенциалдуу өз ара байланыш маселеси Борбордук Азиядагы олуттуу тынчсыздануунун булагы болуп калды. Айрым учурларда түрмөлөр экстремисттик жана террористтик идеологияларды үгүттөө жана радикалдаштыруу үчүн жакшы чөйрө катары кызмат кылды. Бул көйгөй аймактык деңгээлде тыкыр өздөштүрүлүп, каралып чыгууга муктаж. Буга байланыштуу иш-чарага Борбордук Азиянын 5 өлкөсүнүн: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын 5 жаза аткаруу кызматтарынын өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий