• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эгемендиктин 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-августунда КР Улуттук илимдер академиясында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында илимдин өнүгүүсү” аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция өттү. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев, КРнын президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, КР билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Бакыт Тыналиев, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү жана окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Ошондой эле Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.Ж. Журинов, Өзбекстандын Илимдер академиясынын президенти, академик Б.С. Юлдашевдин куттуктоо сөздөрү видео аркылуу көрсөтүлдү. Мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго КР УИАнын Ардактуу академиги диплому тапшырылды.

Конференцияда коомдук изилдөөлөрдүн Эгемендүү мезгилинде жаңыланышы жана жаңырышы, Кыргызстандын тоолуу аймактарын рационалдуу жана коопсуз өздөштүрүүдө академиялык илимдин ролу, биологиялык багыттагы академиялык илимдин негизги жетишкендиктерине контент-анализ, «экономикалык билим» жана «социалдык-экономикалык концепт» аспектинде, Кыргызстандын эгемендүү 30 жылында Түштүк бөлүмдүн жетишкендиги, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана биокоопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында азыркы учурда биологиялык ресурстарды жана негизги дары чөптөрдү, эфирмайлуу өсүмдүктөрдү изилдөөнүн абалы тууралуу баяндамалар жасалды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында КРнын Улуттук илимдер академиясынын жана жогорку окуу жайларынын илимий-изилдөө институттарынын эмгектеринин көргөзмөсү болду.

Пикир

Оставить комментарий