• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Эйфел мунарасы, Биг Бендин макеттери жана британиялык телефон кабинасы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкекте сүрөткө түшкөндү жакшы көргөндөр үчүн кичинекей Арбатта чоң LED экран, Эйфел мунарасы, Биг Бендин селфи макеттери жана британиялык телефон кабинасы орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле смайликтер, фонтан менен айланган глобус жана өзүнчө фонтан орнотулат.

“Кошумча көрктөндүрүү демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, “Чыгыш-5” кичи районундагы жөө жүргүнчүлөр зонасын долбоорлоо жана куруу иштери 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи декадасында башталган.

1,43 гектар аянтты ээлеген Бишкек шаарынын кичи Арбат аймагын көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга муниципалитеттин бардык кызматтары катышты.

Пикир

Оставить комментарий