• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Эйфел мунарасы жана Биг Бен. Мэрия шаардыктарды долбоорду талкуулоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Свердлов акимиаты Чыгыш-5 кичи районундагы Чүй проспектиси боюнча Т.Айтматов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки коомдук эс алуу жайын жакшыртуунун экинчи этабынын эскиздик долбоорун даярдады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, эскизге ылайык бул жерде архитектуранын чакан формалары орнотулат: сүрөткө жана селфиге жакындар үчүн - Эйфел мунарасынын, Биг Бендин, британиянын телефон стенди, быйтыкчалар, фонтан менен айланган глобус, өзүнчө кичинекей фонтан, чоң LED экран жана башкалар.

Белгилей кетсек, демөөрчүлөр кошумча көрктөндүрүү чыгымдарын жабышат, шаардык бюджеттен каражат бөлүнбөйт.

“Шаар тургундарын, Свердлов районунун бардык жашоочуларын долбоордун коомдук талкуусуна чакырабыз.

Эскиз шаар тургундарынын бардык сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен, талкуу аяктагандан кийин бекитилет. Биргеликте жана бирдикте гана биздин аймакты жакшырта алабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий