• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте эки адам көчөдөн жаш жигитти тапанча менен коркутушкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бишкекте эки адам көчөдөн жаш жигитти тапанча менен коркутушкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда болжол менен саат 15:30 чамасында “102” кызматына Калинин жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тапанча менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке барган учурда милиция кызматкерлерине 2000-жылы туулган А.Т. арыз менен кайрылган. Анда белгисиз 20-25 жаштагы эки жаран мас абалында тапанча менен атып салам деп коркуткандыгы айтылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү катары 1989-жылы туулган К.К. жана 1992-жылы туулган М.П. аттуу жарандар кармалып, текшерүү учурунда алардын жанынан «пневматикалык» тапанча табылып, Свердлов районунун ИИБине өткөрүлүп берилген.

Аталган факт Кылмыштар жана жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Жазык кодексинин 266 (ээн баштык) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып,тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий