• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эки адам люкта тумчугуп өлдү

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.18 /Кабар/. Бишкекте эки адам үйүн суу түтүгүнө байланыштыруу учурунда люкта тумчугуп каза болушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 4-августта саат 18:45 чамасында Бишкектин батышындагы Профсоюзная жана Костонайская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуя болгон жерге келген ӨКМнын кызматкерлери люктан 30 жаштагы И.М.С. жана 28 жаштагы И.С.Снын денесин алып чыгышкан.

“Бир туугандар өздөрүнүн үйүнө сууну кошоюн дешкен. Алгач биринчиси түшүп, экинчиси бир тууганынын тумчугуп жатканын көрүп артынан түшкөн”, - деп билдиришкен күбөлөр.

Пикир

Оставить комментарий