• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандар көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарында эки адамды мыкаачылык менен сабаган эки бир тууган кармалып, көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтуусу боюнча, шектүүлөр өздөрү милиция бөлүмүнө келишкен эмес.

Андан тышкары жактоочу да, шектүүлөр өздөрү да көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө арыз менен Д.М., аттуу жаран кайрылган. Ал арызында, 28-август күнү саат 07:00 чамаларында Жал кичи районунун Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар анын жолдошун сабап кеткендигин айтып, чара көрүүну суранган. Алган жаракаттардын жыйынтыгында 1988-жылкы М.А., аттуу жаран Улуттук госпиталга жеткирилген. Ошол эле ооруканага жаңжалдын жыйынтыгында 1988-ж.т. Б.У., аттуу жаран да жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында адам сабоо фактысы боюнча 1985-жылкы Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен 1999-жылкы Сеитбеков Калысбек Сеитбекович шектүү катары аныкталган.

Бүгүн таңкы саат төрттө Бишкек шаардык милиция башкармалыгына эки шектүү тең келген. Алар шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий