• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эки айга жетчү дары-дармектердин запасы бар

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Бишкекте эки айга жетчү дары-дармектердин запасы бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.

Чыныбаеванын айтымында, ММК фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча борбор калаанын саламаттык сактоо уюмдары эки айлык дары-дармектердин 92 түрүн жана 5 түрдөгү медициналык буюмдарды 17 млн 553 миң 700 сом суммасында камсыз кылышкан.

"Ошондой эле мэриянын шаардык саламаттыкты сактоо департаменти аркылуу Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына жеке коргонуу каражаттар - 11 139 даана, медициналык маскалар - 195 910 даана, респираторлор - 21 811 даана, кычкылтек концентраторлору - 97 даана гуманитардык жардам түрүндө жөнөтүлгөн", - дейт ал.

Чыныбаева маалымдагандай, Бишкектин жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын залалсыздандыруучу каражаттар менен камсыздоо, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо максатында учурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 6 млн 835 миң 800 сом өлчөмүндө каражат бөлүү боюнча буйрук чыгарылган.

"Мэриянын алдындагы шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарындагы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, көмөкчү мектептерде жана жалпы билим берүүчү уюмдардын коррекциялык класстарында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын эске алуу менен реалдуу режимде окуу процессин улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды", - деп билдирди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий